Кыргыз-кытай чек арасы 3 күнгө жабылат
Поделиться в:
Кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл республикасында “Ажыдаардын кайыктарынын фестивалын” (Күрүч майрамы) майрамдоого байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. 7-июндан 9-июнга чейин мамлекеттик чек аранын "Торугарт –унаа жолу" жана "Иркештам – унаа жолу" бекеттери убактылуу жабык болот.
Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, жүргүнчүлөрдү жана жүк унааларын өткөрүү 10-июнда кайрадан башталат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kytaj-chek-arasy-3-kng-zhabylat
Добавить комментарий ×