Кыргыз өкмөтү буйруктагы "Казахстан" деген жазуу боюнча видео түшүндүрмө берди
Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу социалдык тармакта талкууга түшкөн "Казахстан" деген сөз тууралуу толук түшүндүрмө берди.
Эске салсак, социалдык тармактарда кыргыз өкмөтү өз буйруктарын Казакстандан көчүрүп алып жатат деген таризде сүрөт тараган.
Чыңгыз Эсенгул уулу социалдык тармакта тарап кеткен буйруктагы "Казакстандын мыйзамдарына ылайык" деген сөз чындыгында кыргыз өкмөтүнүн буйругунда болбогонун, анын баары автоматтык түрдөгү котормо экенин түшүндүрүп берди. Ал ар бир колдонуучунун телефонунда бир баракчаны автоматтык түрдө бир тилден экинчи тилге котор деген баскыч бар экенин айтып, айрымдары аларды билбей басып алып, туура турган нерсени ката которулганын көрүп алышы ыктымал экенин билдирди.
"Достор, кесиптештер кутмандуу күнүбүз менен! Кечээтен бери Кыргыз Өкмөтүнүн сайты www.gov.kg катуу талкууга түштү, маалымат сайттар жана ФБ аркылуу түшүндүргөнгө аракет кылсам да айрым мекендештерим түшүнүшкөн жок же атайын түшүнгүсү келген жок деп ойлоп койдум. Бирок ага карабастан видео аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылдым. Бул видеодо бир эле өкмөттүн сайтын эмес жергиликтүү басылмалардын да сайтын мисал кылдым. Буйурса суроолорго жооп бере алдым деген ниеттемин. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Болот Темиров агама ыраазычылык билдирем, дароо түшүндүрүүгө кол сунду. Сын-пикирлер үчүн рахмат, оңдонобуз, түздөнөбүз", - деп жазды Эсенгул уулу.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kmt-bujruktagy-kazahstan-degen-zhazuu-boyuncha-video-tshndrm-berdi
Добавить комментарий ×