Кыргы-тажик чек арасынан чыр чыкты

14 сентября 2018 13:40 1073 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Бакай айылынын тургундары менен Исфара районунун Тожикон айылынын жашоочулары ортосунда чыр чыкты. бул тууралуу  мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөзүнөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ага тажикстандыктардын суу түтүгүн өткөрүү аракети себеп болгон. Аталган аймак такталбаган тилкеге киргендиктен чарба иштерине тыюу салынган. Коңшу мамлекеттин жашоочуларынын аракети кыргызстандыктардын нааразычылыгын жараткан. Жумуштарды токтотуу талабы аткарылбай, эки тарап кайым айтыша кеткен.

"Ошол эле күнү чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги тажикстандык кесиптештери менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө макулдашышкан. Ушу тапта Баткен району менен Исфара районунун акимдери эл менен жолугууда. Сүйлөшүүлөр облус жетекчилеринин деңгээлинде жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп турат. Баткен облусунда кызмат өтөгөн чек арачылар күчөтүлгөн тартипке өттү.



Ссылка: https://barometr.kg/kyrgy-tazhik-chek-arasynan-chyr-chykty



Добавить комментарий