Кырчын жайлоосуна барчу жолдо жол тыгыны ыңгайсыздыкты жаратууда

3 сентября 2018 18:10 1117 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кырчын жайлоосуна бара жаткан бурулушта машиналардын чоң тыгыны жаралды. Бул тууралуу күбөлөр билдирип, жайлоого жете албай жаткандыктарын айтышкан. 

Маалыматка караганда, Кырчын жайлоосуна кирчүлөр көп болгондуктан, ичиндеги машиналар сыртка чыгарылганда гана машиналар жылаары белгилүү болду.

Учурда тыгындагы машиналар жолдун ачылуусун күтүп жатышат.

Белгилүү болгондой, спорттук мелдештер Чолпон-Атадагы ипподромдо, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында жана "Кырчын" жайлоосунда өтөт. Ал эми маданий иш-чаралар Бостери айылындагы "Nomad" амфитеатрында жана Кырчын этно-шаарчасында болмокчу.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrchyn-zhajloosuna-barchu-zholdo-zhol-tygyny-ygajsyzdykty-zharatuuda



Добавить комментарий