Күмөндөр Абылов: Шаардын чок ортосун кесип өткөн темир жолду жылдырсак, автотыгындар азаят беле?

27 октября 2020 14:51 1287 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү куудул, Күмөндөр Абылов Бишкек шаарына мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Балбак Түлөбаевге фейсбук баракчасы аркылуу калаанын чок ортосунан кесип өткөн темир жолду жылдыруу сунушу менен кайрылды.

“Балбак Түлөбаев иним! Элден калбай мен дагы жаңы кызмат ордуң менен куттуктап, көңүлүмдө жүргөн бир, жакшы оюм менен бөлүшкүм келди. Өзүң борбор калаабыздын мэри болгон соң, менин бул оюма (сунушума) кайдыгер карабайсың деген ойдомун.

Шаардын чок ортосу менен кеткен темир жолду, вокзалы менен, станция, деполору менен чогуу шаардын чекесине, "Дордой" базардан ары, ылдый жакка көчүрсөң жакшы болмок.  Ошондо, темир жолдун ордуна авто жол болуп,  жабык көчөлөр ачылып, даяр көпүрөлөрү, эстокадолору бар жолдор менен автотыгындар азаят беле?  Шаардын да көркү оңолот беле, кандай дейсиң? Эгерде мен айткандай болсо, Лев Толстой көчөөсүнүн боюнда, темир жолдун өйүзүндөгү, баптистердин идеологиясына кызмат кылган "Опера балет" театрына окшогон чоң маданият сарайынын алды да кеңейип калмак. Аны кайсы бир имараты жок жүргөн театрларыбыздын бирине берип, же кинотеатр кылып койсок, ал театр өзүбүздүн идеологияны элге жеткирип турса, кандай гана жакшы иш кылган болоор элек? Атаганат! Болбосо ал маданият сарай темир жолдун түбүндө болуп, театр кылууга ыңгайсыз абалда турат. Бул эми, менин жеке оюм. Калганын Кинг-Конг акам өзү биледи",  - деп жазган Абылов.

Ссылка: https://barometr.kg/kmndr-abylov-shaardyn-chok-ortosun-kesip-tkn-temir-zholdu-zhyldyruunu-sunushtap-kalganyn-king-kong-akam-z-biledi-dedi



Добавить комментарий