Кылычбек Султанов чет өлкөдөн саясий башпаанек сурады
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан чет өлкөдөн саясий баш паанек сурады. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди. Текстти өзгөртүүсүз сунуштайбыз.
“Элим! Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм! Бул бийликти таануудан баш тартам. Чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылдым”
Маалым болгондой, Кылычбек Султанды экс-президент Алмазбек Атамбаевди жашыруун колдогондугу үчүн күнөөлөп, андан соң ал ТИМдин коррупциялык иштерин ачыктаган. Бул Тышкы иштер министринин кызматтан кетүүсүнө чейин алып барган.
Коопсуздук комитети анын Корея жана Малазиядагы элчи болуп жүргөндөгү кызматтык бузууларын таап, ишти Башкы прокуратурага өткөзүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/kylychbek-sultanov-chet-lkdn-sayasij-bashpaanek-surady
Добавить комментарий ×