Кыймылсыз мүлк салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт

27 августа 2025 12:14 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик салык кызматы кыймылсыз мүлк салыгын төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 1-сентябрында аяктарын маалымдайт.

2025-жылдын январь-август айларында турак жайлардан же имараттардан түшкөн салыктын суммасы 19,4 млн сомду түздү.

Ал эми үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторунан 12,5 млн сом салык түшкөн.

Автоматтык түрдө эсептөө модулу аркылуу салык төлөөчүлөрдүн кабинеттерине 2 млн 377 миң 232 билдирүү жөнөтүлгөн.

Эске салсак, жарандар өздөрүнүн электрондук кабинеттерин текшерип, эсептелген сумма менен таанышып, 1-сентябрга чейин төмөнкү салыктарды төлөшү керек:

  • турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),
  • үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

2025-жылы төлөнө турган салыктын суммасы жөнүндө маалымат салык төлөөчүнүн кабинетине жиберилди. Салыкты төлөө төлөм кодун же QR-кодун түзүү жолу менен жүргүзүлөт.

Салык өз убагында төлөнбөсө, ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,09% өлчөмүндө айып салынат.

Мүлк салыгы, аны төлөө тартиби жана берилген жеңилдиктер жөнүндө толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Ссылка: https://barometr.kg/kyjmylsyz-mlk-salygyn-tl-mnt-1-sentyabrda-ayaktajt



Добавить комментарий