Кычкылтек концентраторун алып келип берем деп 5 адамды алдаган шектүү кармалды (Сүрөт)

29 июля 2020 14:07 1506 Barometr
Поделиться в:
ok

Кычкылтек концентраторун алып келип берем деп жарандарды алдап кеткен шектүү  кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

7-июль күнү Бишкек шаарынын  Биринчи Май РИИБне, Бишкек шаарынын Улан кичи районунун тургуну 1987-жылы туулган И. Э. арыз менен кайрылган.

“Анда ушул эле күнү  Бишкек шаарынын Разакова көчөсүндөгү  үйүдүн жанынан  бейтааныш Максат  аттуу жаран, алдамчылык жол менен ишеничке кирип кычкылтек концентраторун 300 долларга  алып келип берем деп ошол бойдон изин жашырып  качып кеткен”, - деп айтылат маалыматта.

Бул окуя Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБна 13-июль күнү КЖБРга  КРнын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталган.

Тергөө тапшырманын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 28-июль күнү ИИМдин  КМКнын МКККУБнын жана Бишкек ШИИББнын КМКнын МКККБнүн  кызматкерлери тарабынан, Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну 1997-жылы туулган О. М. кармалды.

“Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандын дагы башка 5 жаранды алдамчылык жол менен ишеничке кирип акчасын алып качканы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган шектүү О. М. ЖПКнын 98-беренесинин  негизинде Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы тарабынан  убактылуу  кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kychkyltek-koncentratyn-alyp-kelip-berem-dep-5-adamdy-aldagan-shekt-karmaldy-srt



Добавить комментарий