Элмирбек Иманалиевдин кызы: "Кусамын, ата, абдан кусамын”
Ак таңдай акын, кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиевдин кызы Айзуура Иманалиева атасына куса болуп жатканын жазып чыкты. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Айтылуу акын Элмирбек Иманалиевдин кызы Айзуура атасын сагынып, кусалыгын билдирген төрт сап ыр жазды.
“Сүрөтүңүз турат,
Өзүңүз жок!
“Асылым кызым” деген
Сөзүңүз жок!
Кусамын, ата
Абдан кусамын”, - деп жазган Иманалиева.
Эске салсак, залкар акын Элмирбек Иманалиев 20-апрель күнү кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган. Ал кант диабети менен жабыркап жүргөн. 42 жаштагы акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды.
Ссылка: https://barometr.kg/kusamyn-ata-abdan-kusamyn-elmirbek-imanalievke-arnalat
Добавить комментарий ×