Курсан Асановдун үйү тинтүүгө алынды

15 августа 2019 01:31 2334 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер министринин орун басары кызматынан алынып, үстүнөн кылмыш иши козголгон Курсан Асановдун үйү тинтүүгө алынды.

Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди. Анын айтымында, 14-августта Аскер прокуратурасы Курсан Асановду суракка алган.

Мен Курсан Асановдун адвокаты катары анын сурагына катышты. Мындан сырткары анын үйүн тинтүү учурунда да болдум. Тергөөнүн купуялуулугун сактоо боюнча документке кол коюп бергениме байланыштуу окуяны ийне-жибине чейин айта албайм”, - дейт адвокат Ирамидин Айткулов.

Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы 7-8-августтагы окуяларда, массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого багытталган иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

Курсан Асанов "Кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен 13-августта ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган.

Кызматтык иликтөөгө укуктуу баа берүү үчүн ал башкы прокуратурага жиберилген.

Өз кезегинде башпрокуратура Асанов мыйзам талаптарын бузуп, иш боюнча маанилүү документ, далил буюмдарды жаап-жашырган деп эсептейт. ИИМдин бүтүмүн карап чыгып, «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козгоп, тергөөнү Аскер прокуратурасына тапшырган. Тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн куралган топ түзүлүп, тергөө иши жүргүзүлүп жатканын башкы прокуратура кошумчалаган.

Асанов ИИМдин өзүнө койгон мындай айыптарын четке кагып, мамлекеттин жана өзүнүн абийири алдында таза экенин айтууда.

Эске салсак, 7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы кызматы мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзүп, ишке ашпай калган. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевчилер тарабынан ок атылган. Натыйжада атайын аскердин бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Мурдагы президент менен Курсан Асанов сүйлөшүп, багынууга көндүргөн видеосу жарыяланган.

Ссылка: https://barometr.kg/kursan-asanovdun-j-tintg-alyndy



Добавить комментарий