УКМК Курсан Асановдун кармалганын кабарлады
Поделиться в:
УКМК башаламандык уюштуруу фактысы менен Курсан Асановду кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.
"Массалык башаламандык уюштуруу фактысы боюнча 10-октябрь күнү УКМК менен ИИМ ыкчам издөө иш-чараларын өткөрүп, Курсан Асановду кармады", — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, буга чейин УКМК массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, жан сакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеевди Кой-Таш айылынан кармаган. Мындан сырткары, Фарид Ниязовду дагы колго түшүргөн.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-kursan-asanovdun-karmalganyn-kabarlady
Добавить комментарий ×