Чолпон Жакупова: Мыйзамда “Кыргыз милициясынын кызыкчылыгын сатты” деген берене жок

14 августа 2019 16:00 3763 Barometr
Поделиться в:
ok

“Адилет” укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова кызматынан алынган Курсан Асанов боюнча кызматтык иликтөө өтө тездик менен өткөрүлгөнүн таң калыштуу деп баалады.

Чыккынчылык – бул өтө катаал аныктама. Эгер Курсан Асанов чыккынчылык кылган болсо, ал кызматынан бошотулуп эле койбостон, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Ички иштер министрлигинин мындай билдирүүнү “Атамбаеди кармоо операциясы” ишке ашкандан эртеси күнү жарыялаганы кызык болду. Эмненин негизинде же иликтөөнүн алкагындабы? Түшүнүксүз?”, -  деп суроо салган Чолпон Жакупова сөзүн улап,

Асанов ошол маалда көрүнүктүү фигура болду. Колго түшүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Барымтадагы аскер кызматкерлерин чыгарды. Анын атагы артты. Ошондуктан буга көралбастык көбөйүшү мүмкүн”, - деген оюн ортого салат.

 Юрист айым ИИМдин мындай катаал аныктамасы дыккат иликтөөлөрдөн соң гана болушу керектигин белгилеп, мыйзам талаасында “Кыргыз милициясынын кызыкчылыгын сатты” деген берене жоктугун кошумчалайт.

Ссылка: https://barometr.kg/kursan-asanov-boyuncha-cholpon-zhakupova-myjzamda-kyrgyz-miliciyasynyn-kyzykchylygyn-satty-degen-berene-zhok



Добавить комментарий