Курал Чокоевдин тоюнда шоумэн Манас Алыкулов "Жар-жар" айтты

31 октябрь 2018 09:20 4419 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

30-октябрда шаардын четиндеги тойканалардын биринде ырчы Курал Чокоев менен жубайы Жанаранын үйлөнүү-үлпөт тою болуп өттү. Бул тууралуу ырчынын жакындары социалдык баракчаларга тойдон видеолорду жана сүрөттөрдү жүктөштү. Ырчыны куттуктап Кыргызстандын аттуу-баштуу ырчылары Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, Ильяз Андаш, Акбар Сүйүнбаев жана башка жакын санаалаштары келишти. 

Кызыгы буга чейинки тойлордо "Жар-жарды" аялдар айтып жүрсө, Куралдын тоюнда куудул, шоумэн Манас Алыкулов айтты. 

Эске салсак, Курал Чокоев көлдүн аккуусу Жанараны ушул жылдын сентябрь айында  сөйкө салып ата-энесинин колунан алып кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/kural-chokoevdin-toyunda-shoumen-manas-alykulov-zhar-zhar-ajtty



Добавить комментарий