Бек Борбиев баш болгон ырчылар Курал Чокоев үчүн коомчулуктан кечирим сурашты
Маданият кызматкерлери Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин кетирген каталарын кечирип, Маданият министрлигинин алардын сыйлыктарынан ажыратуу чечимин туура эмес деп чыгышты. Бул тууралуу маданият өкүлдөрүнүн соцтармактагы барачаларына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Коомчулуктун сынына, Маданият министрлигинин каарына кабылган ырчыларга болушуп, алардын наамынан ажыратуу аша чапкандык деп эсептеген ырчы, алып баруучу, актерлор четтен чыкты.
Алардын сап башында Бек Борбиев баш болуп, жаш ырчы, алып баруучулар катарлаш эки жигиттин кетирген каталары үчүн кечирим сурашып, кечирип коюуну өтүнүп жатышат.
“Курал, Кайрат инилерим учун коомчулуктан кечирим сурайм .
Россиянын «Прожарка» беруусун туураганы аракет кылышыптыр. Бирок, бизде менталитет башка, биздин эл мындайды аш кылган эмес, жана кылалбайт. Ооба сөгүнгөндү ким билбейт, баарыбыз билебиз. Өзгөчө мага окшогон Торкендин суусун ичкен, интернаттын кашасын жеген, Советтик Армияда кызмат өтөгөндөр жакшы эле билебиз. Бирок, ал «талантты» эл алдына алып чыгуунун кереги жок эле.
Достор, бул проект АКШдан башталып, дүйнө жүзүнө таркап кеткен. Бүгүн биздин жигиттер ойлоп тапкан жери жок, ошолорду тууроо гана аракети. Андыктан кечиримдуу бололу. Биздин бул жигиттер Кыргыздын желегин дагы далай жерде желбиретишет. Ал эми сыйлыктарын алабыз дегени боюнча. Маданият министирлиги менен шоу бизнес тармагы 30 жылдан бери кошулбаган эки башка тармак. Бул масалени эстрада өкүлдөрү жакшы билебиз. Министирликтин өлкө боюнча миңдеген кызматкерлери, башка иштери толтура, ошолор менен алек болсун, абдан көп көйгөйлөрү.
Ал эми, Курал, Кайрат коомчулуктан жонуңарга камчыны алдыңар. Эми, чыгармачылык менен алектенип, угарман, күйөрмандарыңарды тарбия, таасири зор, махабатты даңазалаган ырлардан жаадыргыла.
Мүдүрүлбөс туяк, жаңылбас жаак болбойт”, - деп жазды Бек Борбиев.
Ал ортодо, ырчылардын кылыгы кечирилгис экенин айтып, Маданият министрлигинин аракетин жактагандар да жок эмес.
Эске сала кетсек, жыл жаңырары менен ырчы Курал Чокоев YouTube каналынан берүү ачып, ырчыларды конокко чакырып этикага туура келбеген, жосунсуз жоруктар менен коштолгон көрсөтүү тартуулаган. Берүүнүн жүрүшүндө алар бири-бирин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, уят сөздөрдү да колдонушкан.
Белгилей кетсек, кече, 13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Курал Чокоевге 2011-жылдын 12-июнунда берилген "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алган. Тиешелүү буйрукка министр Нуржигит Кадырбеков кол койгон. Ал эми Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлининин сунушу Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына расмий жөнөтүлгөнү кабарланган.
Добавить комментарий ×