Кундуз Жолдубаева: мен сүйлөсөм абийириңер төгүлөт. Мени саткын дегендердин бетин ачам!

23 мая 2020 23:04 5268 Barometr
Поделиться в:
ok

КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева кимдин ким экени жакын арада коомчулукка ачык айтыла турганын жазып чыкты.

“Бети жоктуктун дагы чеги болуш керек! Калптын казаны кайнабайт! Жакында баары ачыкка чыгат. Унчукпай, кой деген сайын башка чыгып алышты! Ачуу чындык баардыгына чекит коет, факты менен тастыкталган чындык! Айрым кишилерди көрүп, мен уялып кетип жатам. Кичине ар-намыс деген болуш керек да! Абакта жаткандар дагы үн катат жакында, баардыгын ачык айтып, кимдин-ким экенин коомчулуукка ачык айтышат. "Эл көзүнө кылган" жоруктарга чекит коюш керек. Мен сүйлөсөм, абийириңер төгүлөт. Дагы мени саткын дегендердин бетин ачам!” — деп жазды Жолдубаева.

Эске салсак, акыркы бир жарым жылдан бери КСДПнын айланасында ар кандай чыр бүтө элек. Андан сырткары партия ичиндеги ынтымак дагы кетип, анын мүчөлөрү эки айры жолго түшкөн. Бир катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жактаса, экинчилер Сагынбек Абдырахмановду колдоп жүрөшөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kunduz-zholdubaeva-men-sjlsm-abijirier-tglt-meni-satkyn-degenderdin-betin-acham



Добавить комментарий