Асел Кодуранова ИИМге суракка чакырылды

13 декабря 2019 12:18 1977 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылды. Бул Кундуз Жолдубаева маалыматты социалдык тармакта тараткан. Анын маалыматына боюнча, Асел Кодуранова саат 10:00гө суракка барган. Бирок жактоочусу соттук процессте болгондуктан сурак түштөн кийинкиге жылдырылган. Депутат Асел Кодуранова - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын милдетин аткаруучу. Ал Кой-Таш окуяларына байланыштуу кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде шек саналып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-koduranova-iimge-surakka-chakyryldy



Добавить комментарий