Кумтөрдөгү көлгө экскаватор менен түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды
Кумтөр кениндеги "Голубой залив" көлүнө экскаватору менен түшүп кеткен 54 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу "Барометр" агенттигине ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 15-февралда Кумтөр кениндеги Петров көлүнө экскаватор айдаган 54 жаштагы кызматкер техникасы менен түшүп кеткен болчу
Ага ылайык, издөө иштерине компаниянын техникасы тартылып, ӨКМдин Караколдогу суучулдары келишкен.
"Бүгүн, 16-февралда саат 11:00 чамасында сууга түшүп кеткен экскаватор чыгарылып, куткаруучулар экскаватордун ичинен маркумдун сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/kumtrdg-klg-tshp-ketken-kishinin-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×