Кудурет Тайчабаров: ИВЛ аппаратка муктаж тоолуу райондордогу ооруканалар мага кайрылыңыздар

20 ноября 2020 11:08 577 Barometr
Поделиться в:
ok

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудурет Тайчабаров алыскы аймактардагы ооруканаларга ИВЛ аппараттарын берет. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“СЭЗ пандемия аябай күчөгөн убакта ИВЛ аппараттарын алып койгон экен. Азыр колдонулбай эле бош турат. Алыскы жана колдоого муктаж болгон райондордун ооруканаларында ИВЛге муктаждык болсо мага кайрылгыла, бирден белек кылып салалы. Бош турганча адам өмүрүн сактай берсин.

Баткен, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунун ооруканаларынан кимдер биринчи кайрылса, ошолорго буйруйт. Кечиккендер капа болбойсуздар”, - деп жазды Тайчабаров.

Ссылка: https://barometr.kg/kuduret-tajchabarov-ivl-apparatka-muktazh-tooluu-rajondordogu-oorukanalar-maga-kajrylyyzdar



Добавить комментарий