Кубатбек Боронов: Россияга окуусун улантуу үчүн кете албай жаткан студенттердин көйгөйү каралууда
Авиа каттамдар этап-этап менен калыбына келтирилип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматта , Россия менен Кыргызстандын ортосунда сентябрь ичинде 20 рейс аткарылганы айтылат.
Ал эми, 21-августта 32 өлкөгө Кыргызстан эшигин ачты.
Бороновдун айтымында, учурда бир катар жарандарыбызга Россияга кирүүгө уруксат берилди:
- Россиянын жарандыгы барлар,
- Россияда жакын туугандары барларга (баласына, жубайына, ата-энесине барып келүүгө),
- медициналык жардамга муктаждарга,
- жакын туугандары каза болсо,
- бейтапты караган адамдарга,
- спортчуларга ж.б.
«Калган жарандарга кирүүгө уруксат жок, буюрса бул чектөөлөр да жакында алынат. Ал эми студенттерге Россияга кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Россия студенттерди киргизүү боюнча алгоритмдерди иштеп жатат, ага ылайык студенттер изоляциялык нормаларды сактоого милдеттүү болушат», - деп айтты өкмөт башчы.
Добавить комментарий ×