Кубанычбек Кулматов өзүн күнөөлүү деп эсептебейт

13 июня 2018 20:00 1296 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын экс-мэри  Кубанычбек Кулматов УКМКнын тергөө абагындагы кармоо шарттарына нааразы эмес. Бул тууралуу  анын жактоочусу Сергей Слесарев маалымдайт. 

Анын айтымында, мурунку мэр өзүн жакшы сезип жатат бирок, күнөөнү мойнуна албайт.

Билдирүүлөргө караганда айыпталуучуга азырынча жубайы менен көрүшкөнгө уруксат берише элек.

Эскерте  кетсек, Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү «паракорчулук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз пайдаланган деп айып тагылган. 

Ссылка: https://barometr.kg/kubanychbek-kulmatov-zn-knl-dep-eseptebejt



Добавить комментарий