КТРКнын расмий гимни жазылып бүттү

5 декабря 2018 15:41 2412 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кыргыз телерадио корпорациясынын расмий гимни пайда болду. КТРКга арналган гимндин сөзүн жаш акын Акбар Кубанычбеков ал эми обонун каналдын башкы үн режиссеру Нурдин Төрөбеков жазган.

Гимнди жалпысынан кыргыз эстрадасынын 16 белгилүү ырчылары ырдашты. Алар Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков, Жийдеш, Токтобек Асаналиев,  Айыма Аилчиева, Самара Каримова жана башкалар. 

Маалыматка ылайык гимнди КТРКнын 60 жылдыгына арнап жазышкан. Клиптин толук варианты менен коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн ютуб жана инстаграм баракчалары аркылуу бөлүштү.



Ссылка: https://barometr.kg/ktrknyn-rasmij-gimni-zhazyldy



Добавить комментарий