КТРКнын мурдагы башчысы Илим Карыпбеков пневмония менен ооруканада жатат
КТРКнын мурдагы башчысы Илим Карыпбеков эки тараптуу пневмонияга кабылды. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып “Барометр” билдирет.
“Эки жумадан бери ооруп жатам. Эки тараптуу пневмония өпкөнүн 56% ээледи. Биринчи жумада өз алдынча дене табымды түшүрүүгө аракет кылдым. Мына беш күндөн бери Улуттук госпиталда жатам. Бардык палаталар толгон. Күн сайын дем алуусу начарлап, катуу жөтөлгөндөрдү реанимацияга которуп жатышат. Биздин дарыгерлер, медайымдар бүгүнкү күндүн баатырлар”, - деп жазган Карыпбеков.
Белгилей кетсек, Өлкөдө бир суткада пневмониядан 17 киши каза болду. Март айынан бери жалпысынан пневмонияга 1 971 киши кабылып, анын ичинен 627 адам сакайган.
Ссылка: https://barometr.kg/ktrknyn-murdagy-bashchysy-ilim-karypbekov-pnevmoniya-menen-oorukanada-zhatat
Добавить комментарий ×