КСДП фракциясы Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына 3 талапкер көрсөтөт
Поделиться в:
КСДП фракциясы Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына 3 талапкер көрсөтөт. Бул тууралуу аталган фракциядан билдиришти.
Маалым болгондой, алар Жумабек Салымбеков, Валентина Лисниченко, Эрмек Усубалиев.
Белгилей кетсек, өткөн жумада Шаардык кеңештеги “Кыргызстан” фракциясы Куванычбек Конгантиевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ал эми калган фракциялар Бишкек шаардык кеңешинин төрагалык кызматына талапкер көрсөтө элек. Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин төрагалык кызматы Алмаз Кененбаев Президентттин аппарат башчысынын биринчи орун басары болгондон бери бош турат.
Ссылка: https://barometr.kg/ksdp-frakciyasy-bishkek-shaardyk-keeshinin-tragalygyna-3-talapker-krstt
Добавить комментарий ×