Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Абдиманап Масалиев шайланды
Кечээ, 27-майда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Абдиманап Масалиев шайланды. Бул тууралуу Кырыгызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Абдиманап Масалиевдин өмүр таржымалы
Масалиев Абдиманап Маликович 1965-жылы Баткенде жарык дүйнөгө келген. Дин илимин алгач Баткендин Раут Каут айылындагы Шамши аттуу молдодон окуган. 18 жашка чейин молдо Сабыр, молдо Шакир ажылардан илим алган. Абдиманап Маликович Советтик Армиянын катарында аскердик кызматты өтөп келгенден кийин Тажикстан республикасынын Исфара шаарындагы молдо Абдисами ажынын астында Куран жаттоого киришип, Курани Каримди толугу менен жаттаган.
ЭМГЕК ЖОЛУ:
1991-1994-жылдары Ташкенттеги «Абдулкосим» медресесинде мударрис болуп эмгек жолун баштайт. 1994-1996-жылдары Сокулук районундагы Сокулук жана Шалта айылдарында жеке үйлөрдө (хужраларда) жаштарга дин таалимин окутуп, Куран окууну үйрөтөт;
1996-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Биринчи Курултайында Уламалар Кеңешине мүчө болуп шайланып, ошол эле жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитине имамдын орун басары болуп дайындалат;
1997-жылдын июнь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитинин башкы имамы болуп бекетилет. 2000-жылдагы Кыргызстан мусулмандарынын курултайында кайрадан Уламалар Кеңешине мүчө болот;
2006-жылга чейин Бишкек шаарынын казысы кызматын аркалайт;
2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы Туңгуч мечитинде имам хатиб болуп, элге кызмат кылып келе жатат;
Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.
Ссылка: https://barometr.kg/aalymdar-keeshinin-tragasy-bolup-abdimanap-kary-masaliev-shajlandy
Добавить комментарий ×