Күрөш. Дүйнө чемпионаты: Мурат Рамонов польша балбанын таза жеңди

16 сентября 2019 12:08 1083 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын грек-күрөшүнөн оор салмактагы балбаны Мурат Рамонов Дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешинде польшалык Рафал Анджей Краевскийди далысын тийгизип таза жеңди.

Беттешти Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун (ФИЛА) расмий сайты түз алып көрсөтүп жатат.

Мурат биринчи эле бөлүктө демилгени колго алып, үстөмдүк менен күрөш жүргүзүдү. Экинчи бөлүктө атаандашын көтөрүп чаап, далысын тийгизип, таза жеңди.

Мурат эми жарым чейрек финалда казак балбаны Мансур Шадукаев менен кез келет.

Спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Бүгүн грек-рим күрөшүнүн акыркы үч салмактагы (60кг, 77кг, 130кг) балбандары күрөшкө түшүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/krsh-djn-chempionaty-murat-ramonov-polsha-balbanyn-taza-zhedi



Добавить комментарий