Күрөш. Дүйнө чемпионаты: Чынарбек Изабеков финалга чыкты
Кыргызстандык эркин күрөшчү балбан Чынарбек Изабеков ардагерлердин дүйнө чемпионатында финалга чыкты.
Бул тууралуу жеринен машыктыруучу Табалды уулу Сүймөнкул “barometr.kg” сайтына билдирди. Изабеков жарым финалда ирандык балбанды жеңип финалга чыкты.
Финалда дагы бир Ирандык балбан менен алтын байге үчүн күч сынашат.
Изабеков чейрек финалда Түштүк Африкалык Du Prrez’ди 11:0 эсебинде, 8/1 финалында казакстандык Куаныш Мырза’ны 6:0 менен жеңген болчу.
Ардагер-балбандардын дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өтүп жатат.
Эске сала кетсек, Чынарбек Изабеков ардагерлер арасында 2015- жана 2016-жылдары, эки жолу дүйнө чемпиону болгон. Былтын бул мелдешке катышып, коло байгеге татыган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/krsh-djn-chempionaty-chynarbek-izabekov-finalga-chykty
Добавить комментарий ×