Ардагер-чемпион Чынарбек Изабековго “Эмгек сиңирген спортчу” наамы ыйгарылды

8 ноября 2019 21:59 2313 Barometr
Поделиться в:
ok

Ардагерлер арасында 2 жолку дүйнө чемпиону, эркин күрөшчү балбан Чынарбек Изабековго “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спортчусу” спорттук наам берилди. 

Бул тууралуу “barometr.kg” сайтына балбан өзү комментарий берип жатып, мындайды такыр күтпөгөнүн, ийгилиги үчүн спорттук наам берилет деп ойлогон да эместигин билдирди.

Мен чынында күткөн жокмун. Ардагер болгондо спорттук наам берилет деп ойлогон да эмесмин.  Чакырып жатышат дешти. Барсам ушундай спорттук наам беришти. Эми жаш курак 50дөн ашып калды да. Балдарыма, жаштарга үлгү болсун деген максатта эле күрөшүп жүргөм”, - деди Чынарбек Изабеков.

Эске сала кетсек, Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери болгон. 1988-жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш медалын уткан.

2015-2016-жылдары ардагерлер арасында эки ирет удаасы менен дүйнө чемпиону болгон. 2017 - 2019-жылдары дүйнө биринчилигинде күмүш байге, ал эми 2018-жылы коло медаль уткан.

Ссылка: https://barometr.kg/ardager-chempion-chynarbek-izabekovgo-emgek-siirgen-sportchu-naamy-yjgaryldy



Добавить комментарий