КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова 50 жылдык юбилейин өткөрдү

13 ноября 2018 16:00 2290 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз эстрадасынын примадоннасы, КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова 1-ноябрда 50 жашка толуп, жакындарынын курчоосунда борбор калаабыздагы "Алтын ажыдаар" ресторанында юбилейлик кечесин өткөрдү. Бул тууралуу ырчынын жакын санаалаштары социалдык баракчаларга кечеден сүрөттөрдү байма-бай жүктөштү. 

Ырчыны куттуктап сиңдиси Венера Сатылганова, мурунку муундагы жакын санаалаштары Саламат Садыкова, Гүлшайыр Садыбакасова, Гүлзат Байзакова, Турусбек Жумалиев аттуу кыргыздын аттуу-баштуулары келип толуктаса, кыргыз сахнасынын жаш катмарынан дагы Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков, Анжелика, Самат Дөөлөтбаков жана башка ырчылар келишкен. 

Ал эми 50 жашка толгон ырчы айымды күйөрмандары да кур калтырбай, интернет баракчалары аркылуу жылуу сөздөрүн, каалоо-тилектерин калтырышты. 



Ссылка: https://barometr.kg/krnyn-el-artisti-glnur-satylganova-50-zhyldyk-yubilejin-tkrd



Добавить комментарий