Криштиану Роналдо эми Италиянын командасында ойнойт
Поделиться в:
Португалиянын футбол оюнчусу Криштиану Роналдо жаңы сезондо италиянын "Ювентус" клубунда ойнойт. Бул тууралуу BBC дүйнөлүк кызматы жазды. Маалыматка караганда Россияда өтүп жаткан Дүйнөлүк Футбол чемпиондугунда Роналдо өз өлкөсү үчүн ойногон. Ал ортодо "Реал Мадрид"ден "Ювентус"ка өтүү үчүн макулдашууларга кол коюлган. Макулдашуунун наркы 105 млн фунтка бааланды. Байкоочулар 2018-жылдагы футбол чемпиондугунда Роналдонун оюнун ийгиликсиз деп аташты. Уругвай менен беттешүүдө финалдан чыкпай Португалиянын курама командасы үйүнө кайткан.
Ссылка: https://barometr.kg/krishtianu-ronaldo-emi-italiyanyn-komandasynda-ojnojt
Добавить комментарий ×