Кремль сарайында Анна Большова Толгонайдын монологун окуду. Залдагылар токтобой кол чапты
Поделиться в:
Москвадагы Кремль сарайында Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын ачылыш аземи өттү. Анда Россиянын эмгек сиңирген артисти Анна Большова Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасындагы Толгонайдын монологун окуду.
Салтанатта Кыргызстан менен Россиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин болду.
Андан сырткары кыргыз, орус артисттери өз өнөрлөрүн тартуулады. Эриш-аркак жылдын ачылыш аземине Кыргызстандан 200дөй өнөр адамдары Москвага келишкен.
Добавить комментарий ×