Актёр Марат Жантелиев менен коштошуу зыйнаты өтүүдө (Видео)

11 июня 2020 10:33 2607 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн белгилүү актёр, куудул, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен коштошуу зыйнаты өтүүдө. Ага бийлик өкүлдөрү, маданият кызматкерлери, күйөрмандары, туугандары жана үй-бүлөсү катышууда.

 “ Кино тармагына биринчи кадамымды таштаганда, Марат байке негизги ролду ойногон. Кино тартууну жаңы баштаганымда ар дайым колдоп, өйдө чыкса өбөк, ылдый түшсө жөлөк болуп берди. Ал кишинин адамгерчилиги, дайыма көңүлүңдү көтөрө ала турган сөз таба билгендиги, шайырдыгы, кыйынчылыкта сага шерик болуп тургандыгын мына мен көргөм” – деп белгиледи КР коомдук ишмери, кинорежиссёр Садык Шер-Нияз.

"Бир туугандай эгизим эмес белең. Эми кимге сырымды айтып, кимге арманымды айтам? Кимди Бопуням деп эркелетем, ким мени Сакинтай деп эркелетет? Ушинтип таштап кетет белең Бопуням! Жараткан бейишинен орун берсин. Кош кесиптеш түгөйүм, кош!" – деди сахнадагы түгөйү Айнура Тургунбаева.

Актёрдун сөөгү Бишкектеги "Учкун" кичи районундагы өз үйүнөн чыгарылып, "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлганы алынып кетти.

"Барометр" редакциясынын жалпы жааматы терең кайгыруу менен Марат Жантелиевдин туугандарына көңүл айтат.

Ссылка: https://barometr.kg/krdin-emgek-siirgen-artisti-marat-zhanteliev-menen-koshtoshuu-zyjnaty-td



Добавить комментарий