Көрүүчүлөр түз эфир учурунда “жылаңач ” чыккан теле алып баруучуга нааразы
Жаңызеландиялык теле алып баруучу Белинда Рассел аба-ырайы тууралуу маалымат берүү үчүн түз эфирге жылыңач кийим (нюдовый наряд) менен чыккан. Көрүүчүлөр Рассел берүүнү кийими жок алып барып жатат деп ойлошкон. Бул тууралуу New Zealand Herald агенттигинин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, алып баруучу боз түстөгү костюм менен 30-август күнү эфирге чыккан. Дароо эле телеканалдын көрүүчүлөрүнүн талкуусуна калды.
«Менин жолдошум оозунан ичип жаткан суусундугун бүркүп жиберип: “Буб, бол батыраак, Белинда шымы жок чыгыптыр!”» - деп соц тармакка комментарий калтырган колдонуучу.
Башка колдонуучу теле алып баруучу эфирге кийингенге жетишпей калгандыгын айтат. “Мен ойлогом, бул түзөтүүчү ич кийим деп”, - деген ал.
Рассел кийими эң көп талашка түшөт деп ойлобогондугун жазып чыкты.
“Менин оюмча бул костюм көпчүлүккө жакты. Себеби комментарийлердин 80 пайызы жакшы сөзүн айтышты. Ал эми 10 пайызы терс мүнөздө билдирүү калтырышты. Муну көрө албастардын жазганы катары баалайм”, - деди алып баруучу.
Ал өзүнүн соц тармактагы баракчасына «Сайнфелд» сериалындагы Джордж Костанзанын тасма учурундагы кадрын коюп, тамаша иретинде катталуучуларынан кимге жакшы жарашат экен деген суроо салган.
Ссылка: https://barometr.kg/krchlr-tz-efir-uchurunda-zhylaach-chykkan-tele-alyp-baruuchuga-naarazy
Добавить комментарий ×