Кыргызстан Венгриядан БУУнун коопсуздук кеңешинде туруктуу эмес мүчөлүккө КРнын талапкерин колдоо өтүнүчү менен кайрылды

11 июля 2018 18:40 1224 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

2018-жылдын 5-июлунда Будапешт жана Вена шаарында КРдин Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Жолт Чутора менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер комиссиясынын өкмөттөр аралык биринчи жыйынын 2018-жылы өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтүн жана аталган жыйындын алкагында кыргыз-венгер бизнес форумун уюштуруу мүмкүнчүлүгүн макулдашышты. Ошондой эле Венгриянын ЖОЖдорунда окууну каалаган КРдин жарандары үчүн квоталык орундарды көбөйтүүнү практикалык ишке ашыруу маселеси талкууланды. Ар тараптуу кызматташтыктын алкагында, элчи  Б.Джусупов венгер тарабына 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Туруктуу эмес мүчөлүккө КРнын талапкерин колдоо өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле элчи  Б.Джусупов венгер дипломатын 3-ДКОго даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымдады жана Венгрияны спорт жана маданий делегацияны катышуу үчүн жиберүүгө багыттады. Өз тарабынан, Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары, анын өлкөсү өзүн бийик деңгээлде тааныштырарына ишендирип өттү. 

Ошол эле күнү элчи Б.Джусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин экономикалык кызматташтык боюнча департаментинин жана туристтик дипломатия боюнча департаментинин жетекчилери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестиция, кош салык салуудан качуу жана туризм жаатында кызматташтык чөйрөсүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюу талкууланды. 

Ссылка: https://barometr.kg/kr-vengriyadagy-elchisi-bakyt-zhusupov-vengriyanyn-mamlekettik-katchysynyn-orun-basary-menen-zholugushtu



Добавить комментарий