КР тышкы иштер министри АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолукту

3 февраля 2020 19:34 1009 Barometr
Поделиться в:
ok

Ташкентте Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын тышкы саясий ведомстволорунун Башчыларынын («С5+1») жолугушуусу болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жолугушуу 3-февралда Ташкентте өткөн.

Жолугушууга Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышты. Анда региондук соода, чек ара коопсуздугу чөйрөсүндө жана суу-энергетика секторунда кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Айдарбеков күн тартибине ылайык Кыргызстандын улуттук приоритеттерин айтып өттү. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерде жана алардын АКШ менен мамилелеринде соода-экономикалык кызматташууга басым жасоо менен ушул форматта региондук өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү сунуш кылды.
Бул иш-чаранын алкагында Айдарбеков бир катар эки тараптуу жолугушууларды, атап айтканда, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушууларды өткөрдү.

Белгилей кетсек, АКШнын мамлекеттик катчысы Помпео Борбор Азия мамлекеттерине болгон сапары болуп жатат. Бирок анын Кыргызстанга болгон иш сапары каралган эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/kr-tyshky-ishter-ministri-akshnyn-mamlekettik-katchysy-menen-zholuktu



Добавить комментарий