КРнын эл артисти Сатыбалды Далбаев дүйнө салды

30 апреля 2019 11:08 1398 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 30-апрель саат 10:00дөн тарта КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сатыбалды Далбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын экинчи кабатында өтүп жатат. Бул тууралуу Barometr.kg сайтынын кабарчысы жеринен билдирди.

Эл артистти акыркы сапарга узатуу зыйнатына КРнын вице-премьер министри Замирбек Аскаров келди.

Сатыбалды Далбаев “Ала-Арча” мемориалдык комплексине коюлаары маалым болду.

КР эл артисти, чыгаан актриса, маркумдун колуктусу Мираида Далбаева терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Далбаев Сатыбалды 1934-жылы Базар-Коргон районуна караштуу «Ачы» токой чарбасынын Ооган-Талаа кыштагында туулган.
1949-жылы Кызыл Октябрь мектебинде 7-классты бүтүп, 1952-жылы Жалал-Абад шаарында 10-классты бүткөн.
1952-жылы Москвадагы А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык институтуна тапшырып, 1957-жылы аяктаган.
1952-жылдан бери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет.
1970-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын алган;
1970-жылы «Лениндин 100 жылдыгы» медалы менен сыйланган;
1970-жылы КР Ардак Грамотасы менен сыйланган;
1972-жылы «Эмгек Кызыл-Туу» ордени менен сыйланган;
1974-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамына татыктуу болгон;
1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон;
1987-жылы М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон;
1995-жылы «Манас-1000» медалы менен сыйланган;
Кыргыз Республикасынын 3 жолу Ардак Грамотасы менен сыйланган.
2004-жылы «Манас» ордени менен сыйланган;
2008-жылы Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

Ойногон ролдору:

И.Попов «Ульяновдордун үй бүлөөсү» -В.Ульянов
К.Маликов «Бийик жерде» -В.И.Ленин
К.Паустовский «Эски шинелчен адам» -В.И.Ленин
В.Шекспир «Ромео менен Жульетта» -Лоренцио
В.Шекспир «Король Лир» -Эдгар
Ф.Шиллер «Сүйүү жана жүзү каралык» -Миллер
Ж.Мольер «Анткор оорулуу» -Жардоньо
А.Грибоедов «Акылдан азап» -Молчанин
Н.Гоголь «Өлүү жандар» -Манилов
А.Чехов «Алчалуу бак» -Фирс
А.Островский «Күнөөсүз күнөөлүүлөр» -Незнамов
В.Тренев «Любовь Яровая» -Чир
А.Сафронов «Ашпозу аял» -Пчелкин
А.Макаенок «Трибунал» -Комендант
В.Дозорцев «Акыркы кирген адам» -Кузмин
Л.Брежнев «Дың жер» -Дрозов
С.Алешин «Палата» -Ординатор
Н.Хикмет «Унутулган адам» -Фотограф
В.Эрренов «Кара алмаз» -Селим
С.Мырзагитов «Бечара энемдин ак чачы» -Жылдыз
М.Каору «Уурдалган өмүр» -Эйдзи
В.Катаев «Кыйроо» -Мичман
М.Киршон «Укумуштай эритме» -Петр
В.Вишневский «Оптимисттик трагедия» -Матрос
А.Токомбаев «Өлбөстүн үрөнү» -Качы
Ч.Айтматов «Жамиля» -Сейит
Ч.Айтматов «Саманчынын жолу» -Жайнак
Ч.Айтматов «Кылым карытар бир күн» -Казангап
Ч.Айтматов «Жаныбарым Гүлсары» -Чоро
Ч.Айтматов «Бетме-бет» -Почточу карыя
Ч.Айтматов,
М.Шаханов «Сократты эскерүү түнү» -Ч.Айтматов
Т.Абдумомунов «Абийир кечирбейт» -Омор
Т.Абдумомунов «Бюро жүрүп жатат» -Аскар
Т.Абдумомунов «Жарыктык карыларым» -Манбак
Т.Абдумомунов «Ашырбай» -Арпачы
Ж.Садыков «Айкөл Манас» -Бүкүр
Ж.Садыков «Манастын уулу Семетей» -Жакып хан
Ж.Садыков «Сейтек» -Момунжан
Ж.Садыков «Ж.Пудовкин» -Байков
Ж.Садыков «Шаршен куудул» -Чекир
Б.Жакиев «Алтын аяк» -Миң жашар
Б.Жакиев «Жүрөк оорутпай» -Карыя Сапар
Б.Жакиев «Өкүм» -Эдил
М.Тойбаев «Эрте өчкөн жылдыз» -Т.Усубалиев
М.Байжиев «Төрт адам» -Азис
М.Байжиев «Балдар бойго жеткенде» -Маке
М.Байжиев «Байыркы жомок» -Карахан
Ч.Айтматов «Танабай Бакасов» -Чоро
Ш.Садыбакасов «Ак боз ат» -Сулайман
Ш.Садыбакасов «Керме-Тоо» -Чоро
А.Дыйканбаев «Мүрөктүн суусу» -Кырбашев
Б.Өмүралиев «Ата сөзү ар-намыс» -Жакыпбек
Б.Өмүралиев «Тагдырдын өгөй балдары» -Эсенов
К.Маликов «Адылдын иши» -Адыл
К.Маликов «Жаңыл» -Тынчы
К.Маликов «Бир көчөнүн кыздары» -Коенкөз
К.Жантөшев «Биздин эне» -Тентимиш
К.Жантөшев «Каныбек» -Темир
Ш.Бейшеналиев «Кычан» -Кычан
Ш.Бейшеналиев «Тоо гүлдөрү» -Садык
А.Көбөгөнов «Карагай булак» -Акмат
К.Мамбетакуон «Омар Хайямдын махабаты» -Омар Хайям
Э.Турсунов «Замандаштар» -Тазабеков
А.Алешин «Палата» -Ординатор
П.Рахманов «Жүрөк сырлары» -Муктар
А.Таненбаев «Жалгыз дарак бак болбойт» -Арман
Т.Абдумомунов «Таалай гүлдестеси» -Фан
Н.Хикмет «Унутулган адам» -Карыя.

Ссылка: https://barometr.kg/kr-el-artisti-satybaldy-dalbaev-djn-saldy



Добавить комментарий