Ырчы Юлия Началованын өлүмү "кокустан болгон кырсык"

18 марта 2019 09:33 4677 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Орус эстрада ырчысы Юлия Началова 2019-жылдын 16-мартында дүйнө салды. Ырчынын жакын санаалаштыры, кесиптештери, сахналаштары жана күйөрмандары кайгырып Началованы жоктоп турган учуру.

Ал арада ырчыны дарылап жаткан "Можайка 10" клиникасынын башкы дарыгери жергиликтүү басылмаларга "кокустан болгон кырсык" деп комментарий берди.

Дарыгердин айтымында ырчы жарым жыл мурда текшерүүдөн өткөндө ден-соолугу дени сак адамдыкындай болгон. Өз сөзүндө дарыгер Юлияга коюлган диагноздорду жокко чыгарды.

Ага кошумча ал Началова эч кандай алкоголдук ичимдиктер же наркотик заттарды колдонбогонун, дайыма дарыгерлердин айткан сөздөрүн укканын жана диета кармабаганын кошумчалады.

Дарыгер өз сөзүндө акыркы жарым жылдын ичинде ден-соолугу мынчалык начарлап кетиши мүмкүн эмес экенин жана ырчыны кокустук өлтүргөнүн баса белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-yuliya-nachalovanyn-lm-kokustan-bolgon-kyrsyk



Добавить комментарий