Кош бойлуу эненин акыркы билдирүүсү. Индонезиядагы кулаган учакка эки баласы менен түшкөн
Индонезияда сууга кулап кеткен учактын ичиндеги кош бойлуу жанындагы эки баласы менен каза болгон келиндин акыркы билдирүүсү коомчулукту ыйлатты. Борттогу жүргүнчүлөрдүн арасындагы Ратих Виндания туугандарыныкына эс алууга барып, үйүнө кайтып бара жаткан. Бул тууралуу Yahoo! News сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кош бойлуу аял, Instagram баракчасына учактын ичинен балдары менен жылмайып турган сүрөтүн жүктөп, акыркы билдирүүсүн калтырган. "Кош болуңуздар. Биз азыр үйгө баратабыз", - деп жазган ал. Бирок, жүргүнчү үйүнө кайтып келе алган жок.
Интернет колдонуучулары “кош деген бойдон кете берген экен”, “мотурайган наристелер кантти экен” деген билдирүүлөрдү калтырып, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып жатышат.
Эске сала кетсек, Sriwijaya Air авиакомпаниясынын Boeing 737-500 учагы 9-январда кулап түшкөн. Жакарта аэропортунан учуп чыккандан бир нече мүнөттөн кийин ал радардын экранынан көрүнбөй жоголуп, андан соң Лаки аралынын жанындагы сууга кулап түшкөн. Ошол эле учурда, Индонезиянын издөө-куткаруу башкармалыгы кабарлагандай, учак авариялык сигнал берген эмес. Авиакомпаниянын маалыматы боюнча, учакта 62 адам болгон: 56 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү. Кырсыктын себептери азырынча айтыла элек.
60тан ашуун кишини ташыган “Боинг” учагы чачырап бөлүнгөн абалда суудан табылган. Куткаруучулар суудан таштандыларды жана адамдардын денелеринин бөлүктөрүн чыгарышты.
Добавить комментарий ×