Коронавирустун дарысы табылды. Кытайдын фармкомпаниясы аны сатуу үчүн уруксат сурады

17 февраля 2020 10:29 1646 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдын Zhejiang Hisun Pharmaceutical фармецевтикалык компаниясы Favipiravir дарысын коронавируска каршы жакшы дары катары сатууга бийликтен уруксат алды. Бул тууралуу Reuters басылмасы жазды.

Компания дары сатыкка толук чыкканга чейин клиникалык сыноолор уланаарын билдирди. Учурда мындай сыноолорго 70 бейтап катышты.

Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм коронавируска каршы чыгарылган вакциналар кишилерге төрт-беш айдан кийин сыноо иретинде сайыла баштайт. Ал эми жалпы массага 1 - 1,5 жылдан кийин сатыла баштайт.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан 1,7 миң киши каза болуп, 68 миңден ашык кишиге жуккан.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustun-darysy-tabyldy-kytajdyn-farmkompaniyasy-any-satuu-chn-uruksat-surady



Добавить комментарий