Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб Телеграм канал ачты

18 марта 2020 18:12 770 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штаб маалыматтарды тез жана ыңгайлуу жеткирүү үчүн Телеграм каналын ишке киргизди.

Ал жерде өлкө аймагындагы коронавируска байланышкан бардык маалыматтар жарыяланып турат. Ошондой эле, оорунун алдын алуу, жеке гигиенаны сактоо боюнча да бир катар маалыматтар, сунуштарды табууга болот.

Эске салсак, бүгүн, 18-мартта, Сузак районунда Сауд Аравиясына умрага барып келген үч жарандан коронавирус табылган. Андан кийин райондун акими аймакка карантин киргизилип, өзгөчө кырдаал жарыяланганын маалымдаган.

Учурда коронавирус боюнча абал Кыргызстанда туруктуу. Аны аныктай турчу тест-системалары жетиштүү. Негизинен алар Россиядан алынып келүүдө. Ошондой эле Түштүк Корея жана Япониядан дагы алынууда.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustun-aldyn-aluu-boyuncha-respublikalyk-shtab-telegram-kanal-achty



Добавить комментарий