Коронавирусту токтотуу үчүн жардам катары которулган каражаттар тууралуу

23 марта 2020 09:11 1392 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу финансылык жардам иретинде түшүп жаткан акча каражаттары тууралуу өкмөт төмөнкүлөрдү билдирди. 

Бардык ыктыярдуу финансылык жардам көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсебине түшөт. Бүгүнкү күнү жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражаттардын бир дагы сому коротулган жок. 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги түшкөн каражаттардын көлөмү жана аларды максаттуу сарптоо тууралуу өлкө коомчулугуна туруктуу негизде маалымдап турат. Түшкөн финансы каражаттарын ачык пайдаланууга атайын түзүлгөн байкоочу кеңеш көзөмөл жүргүзөт. 

Анын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustu-toktotuu-chn-zhardam-iretinde-tshp-zhatkan-akcha-karazhattary-tuuraluu



Добавить комментарий