Коронавирусту тез аныктай турчу тесттер Жалал-Абадга көбүрөөк жөнөтүлдү
Поделиться в:
Адамда коронавирустун бар-жогун 20 мүнөттө аныктай турчу дагы 5000 экспресс-тест алынып келди. Алардын көбү Жалал-Абад облусуну жөнөтүлдү. Бул тууралуу COVID-19: Республикалык штабынан кабарлашты.
Мындан сырткары кошумча тесттер Россиядан дагы келет.
Республикалык штаб оорунун белгилери (ысык дене табы, кургак жөтөлү) жок жана ооругандар менен байланышта болбогон адамдар эскпресс-тесттерин тапшыра албай турганын эскертет.
Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 14 адамдан табылып, алардын бирөөсүнүн абалы начарлап, реанимацияга жаткырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustu-tez-anyktaj-turchu-testter-zhalal-abadga-kbrk-zhntld
Добавить комментарий ×