Коронавирусткан каза болгондордун саны 2800дөн ашты

27 февраля 2020 10:03 716 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдын Ухань шаарында былтыр декабрь айында чыккан коронавирус 2801 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Ага ылайык, учурда вирус 82 027 кишиге жукканы ырасталган. Ошол эле маалда оорудан айккандардын саны 32 756 кишини түздү.

Учурда коронавирус бир гана Кытайда эмес, башка чет мамлекеттерде дагы катталууда. Өзгөчө Италия менен Иранда тездик менен жайылып жатканы кабарланууда. Аталган мамлекеттерде каза болгондордун саны 12 жана 19 кишин түздү. Ошол эле маалда Түштүк Кореяда 13 киши вирустун айынан көз жумган.

Коронавируска каршы күрөшүү кандай жүрүп жатканы Кыргызстанда дагы кызуу талкууда. Парламент 26-февралдагы жыйынында өкмөттүн бул багытта жасап жаткан иштери тууралуу маалымат уккан. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев вируска чалдыккан учур өлкө аймагында катталбаганын билдирди. 

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustkan-kaza-bolgondordun-sany-2800dn-ashty



Добавить комментарий