Алтынай Өмүрбекова: Кыргызстанга кытай жарандары үчүнчү мамлекеттер аркылуу кирип жатат
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаевдин суроосуна жооп берип жатып, бүгүнкү күнү кытай жарандары үчүнчү мамлекеттер аркылуу Кыргызстанга келип жатканын айтты.
Депутат Жолдошбаев коронавирустан улам кытай жарандары Кыргызстанга киргизилген жокпу деп суроо салды.
Өз кезегинде Өмүрбекова учурда Кытай менен болгон чек аралар жана аба каттамдары жабылганын белгиледи.
“Бизде чек аралар менен аба каттамдары жабык. Бирок Кытайдын жарандары үчүнчү мамлекеттер аркылуу Кыргызстанга келип жатышат”, — деди ал.
Өмүрбекова өз сөзүндө расмий түрдө "Кытайдын жарандары Кыргызстанга кирбесин" деген тыюу жок экенин кошумчалады.
“Кытайдын жарандарын киргизбөө боюнча биз чечимди азыр кабыл алган жокпуз. Бирок коопсуздук чараларын көрүп жатабыз”, — деди ал.
Эл өкүлүк Жолдошбаев бир кытай аялды сегиз жолу текшергенде эч нерсе чыкпай, тогузунчу жолу текшергенде коронавирус чыкканын айтып, Солтон-Сарыда, “Дордойдо” кытай жарандары көп экенин белгиледи.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кытайдын жарандары келгенде 14 күн карантинге кармаларын билдирди.
“Кытайдан келген жарандарды 14 күнгө карантинге киргизип, короноавируска карата лабораториялык анализ алабыз. 14 күндөн кийин дагы экинчи жолу текшеребиз. Баары жакшы болсо гана чыгат”, — дейт министр.
Чолпонбаев андан сырткары учурда Кыргызстандагы дарыгерлер бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун берген эрежелери менен иштеп жатканына токтолду.
Депутат өз кезегенди кыргызстандын дарыгерлери эки жолу гана текшерип коюп жатканына чочулап жогоруда айткан мисалдай учур жаралса кандай болот деп тынчсызданды.
“Силер башында анан аягында эки жолу эле текшерип жатабыз дедиңер. Мен жогоруда мисал кылып айттым, тогузунчу жолкусунда чыгыптыр деп. Анан силердин аракеттериңерде шайтандай болуп катачылыктар кетпейби? Шайтандын иши жаман, байкатпай туруп кете берет”, — деди депутат.
Саламаттык сактоо министри Кыргызстанда абал туруктуу жана кооптонууга негиз жок экенин жана өлкө аймагында коронавируска чалдыккан учур катталбаганын баса белгиледи.
Добавить комментарий ×