Коронавирустан улам пиво чыгарган завод ишин токтотту

3 апреля 2020 10:14 884 Barometr
Поделиться в:
ok

Мексикада пиво чыгарган ишкана коронавирустан улам киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу ишин бир айга токтотту. Бул тууралуу өлкөнүн кайра иштетүүчү өнөр жайы боюнча улуттук палатанын президенти Энок Кастельянос билдирди.

Анын айтымында, пиво адамдарга эң биринчи кезекте керектүү азык-түлүктөрдүн катарына кирбейт.

Мексикада киргизилип жаткан өзгөчө абалга байланыштуу айрым пиво чыгарган ишканалар ишин гана токтотпостон ичимдиктерди сатууга да тыюу салган. Бул нерсе өз кезегинде эл арасында ызы-чуу жаратып, нааразычылыктарды пайда кылган.

Мексиканын Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу менен өлкөдө бир айга өзгөчө абал киргизилген. Мындай аракеттердин бардыгы коронавирустун алдын алууга жана аны менен күрөшүү үчүн жасалып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-ulam-pivo-chygargan-zavod-ishin-toktottu



Добавить комментарий