Коронавирустан улам кете албай акчасы жок калган туристтер 1 ай үңкүрдө жашады

21 апреля 2020 16:43 1770 Barometr
Поделиться в:
ok

Индияда чет мамлекеттен келген алты турист үңкүрдө жашап жаткан жеринен кармалды.

Daily Mail басылмасынын жазышынча, полиция Ришикеш шаарынан анча алыс эмес жердеги үңкүрдө жашап жаткан төрт эркек менен эки аялды тапкан. Текшере келгенде алар Франциянын, АКШнын, Украинанын, Түркиянын жана Непалдын тургундары экени аныкталган. Алардын акчасы жок калып, андан сырткары коронавирустан улам авиакаттамдар токтогондо өз мекенине кете албай калышкан.

24-мартта чет элдиктер мейманканадан чыгып, калган акчасына азык-түлүк алып, коронавирус аяктаганга чейин үңкүрдө жашап турууну чечишкен. Полиция туристтерди тапкандан кийин эки жумалык карантинге киргизишкен. Алдын ала текшерүүдө алардан вирустун белгилери байкалган эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-ulam-kete-albaj-akchasy-zhok-kalgan-turistter-1-aj-krd-zhashady



Добавить комментарий