Коронавирустан кийин дүйнөдө талап күч боло турган 10 тармак
Baijiahao («Байцзяхао») интернет порталы коронавирус илдетинен кийин дүйнө жүзүндө талап күч боло турган он тармакты атады. Макаланын авторлору коронавирус учурундагы өзгөрүүлөрдү эске алышкан. Айрым тармактарда болуп көрбөгөндөй өнүгүү болот. Алар кайсылар?
Чычкан жылы коронавирус илдетинин жайылышы менен башталды. Мына биз дагы капаска салган чычкандай болуп эч жакка чыга албай калдык. Пандемия адам баласынын турмушуна болуп көрбөгөндөй өзгөрүү алып келди. Чындыгында кишинин жашоосуна эмнелер биринчи кезекте керектүү экени жана кайсы нерселерге таптакыр муктаждык жок экенин даана көрсөттү.
Буга чейин болгон куш тумоосунан кийин 2003-жылдан тарта интернет-индустриясы болуп көрбөгөндөй өр алган. Мисалы Taobao жана Jingdong Mall сыяктуу интернет-соодасы өнүккөн. Ал эми коронавирус пандемиясынан кийин кайсы тармактар өнүгөт? Аларга бир көз салып көрөлү.
1. Онлайн-билим алуу
Тынымсыз өнүгүп жаткан илим менен техника интернет-технологияларынын жардамы менен дагы бир тепкичке көтөрүлүп, билим алуунун жаңы методу, жолу пайда болду. Маалымат технологиялары адам баласынын күнүмдүк турмушундагы бардык тармактарга кирди. Бизге байкалбаганы менен билим алуу дагы санариптешип баратат. Бүгүнкү маалымат доорунда интернет эң маанилүү орунда турат. Ал адам баласына оңой, жеңил жана жеткиликтүү байланышты камсыз кылып берүүдө. Ошондой эле, билим берүүдө дагы бир катар жеңилдиктерди берери пандемия учурунда айдан ачык көрүндү.
2. Аралыктан туруп иштөөдө программалык камсыздоо
Өзгөчө кызматкерлер арасындагы байланышты камсыздай турчу кеңсе тиркемелери популярдуу болуп баштайт. Бул тармак бүгүнкү күнү программисттер тарабынан артыкчылык берилген багыттардын бири болуп турат. Жумушка баруу сөзсүз түрдө бир жерде отуруш керек дегенди түшүндүрбөй турганы даана байкалды. Коронавирус пандемиясы учурунда айрым тармактагы кызматкерлер үчүн кеңсени ижарага алуунун кажети жок экенин көрсөттү. Аралыктан туруп иштөө алда канча ийгилик алып келери байкалды.
3. Саламаттык сактоо
Пандемия учурунда саламаттык сактоо тармагы маанилүү экени сезилди. Медициналык багыттагы атайын жабдуу, кийимдер, ооруканалардын жабдылышы элдин өмүрүн сактап калууда кандай роль ойной турганын коронавирус пандемиясы дагы бир жолу тастыктады.
4. Тамак-аш жеткирүү кызматтары
Пандемия маалында жарандардын басымдуу бөлүгү сыртка чыга албай калды. Бул учурда тамак-ашты үйгө чейин жеткирип берүү маанилүү экени сезилди. Акыркы кездери бир катар өнүккөн мамлекеттерде окуучулар менен студенттер дагы окуган жерине чейин тамакка тапшырык берүү тенденциясы байкалууда. Ошондой эле үйгө тамакка тапшырык берүү кадыресе көрүнүшкө айланды. Андыктан бул тармак көңүл тышында калбайт.
5. Үй-бүлөлүк эс алуу
Соңку кездери ата-эне менен балдардын үйдө отуруп көңүлдүү убакыт өткөрүүсү үчүн бир катар оюндар пайда болууда. Көңүл ачуу тармагында иштегендер ата-эне менен балдардын мамилесине таасир бере турган оюндарды чыгарууга көп көңүл бура баштады. Себеби, пандемия учурунда үйдө “камалып” калган учурда депрессияга түшпөй, убакытты пайдалуу жана көңүлдүү өткөрүү биринчи орунда турат. Коронавирус учурунда үйдө балдары менен түрдүү оюндарды ойногон ата-энелерден балдары мындай оюндарды улантууну сурашат. Пандемия аяктагандан кийин үй-бүлөсү менен барып чогуу тамактанган жайлардын саны артат.
6. Психологиялык кеңеш кызматтары
Коронавирус илдети тууралуу күн сайын маалымат “чабуулуна” кабылган кишинин психикасы жабыркайт. Кишилер жөнү жок тынчсызданууга, депрессияга кабылышат. Өзгөчө коронавирус илдети менен алышкан дарыгерлер, кароосуз калган бейтаптар жана алардын үй-бүлөсү үчүн психологдун жардамы керек болот. Андыктан мындай кишилерге жардам берүү үчүн психологиялык кызматтар сөзсүз керек. Убакыттын өтүшү менен ар бир киши жеке дарыгерин, психологун жана онлайн-кеңеш бере турчу кызматтарды издеп баштайт.
7. Көз карандысыз Жалпыга маалымдоо каражаттары
Коронавирус эпидемиясы маалында маалыматты так, туура жеткирүүдө көз карандысыз ЖМКлардын ролу эбегейсиз болду. Өзгөчө Кытайда көз карандысыз ЖМКлар госпиталдардын курулушу боюнча жеринен түз эфирге чыгып элге маалыматты жеткирип турду. Эл көз карандысыз ЖМКлардын көбөйүшү менен бир окуяны түрдүү тарабынан көрүп, биле алат. Туура, так, бурмаланбаган маалыматтарды алууда элдин көз карандысыз ЖМКларга болгон суроо-талабы өсөт.
8. Логистика
Көп убакыт үйүнөн чыкпай отуруп калган эл буюм-тайымдарын сактоодо жана аларды ташууда жаңыча ойлоно баштайт. Андыктан логистика тармагында жумушчу күчүнө муктаждык жаралышы ыктымал.
9. Таза, жаңы жер-жемиштерди жеткирүү
Жаңы, таза жер-жемишти, этти, балыкты үйгө чейин жеткирип берүү интернет соодасындагы жаңы багыт. Бул кызмат пандемия учурунда аябай популярдуу болду. Коронавирус илдети жок болгондон кийин бул кызматка болгон суроо талап дагы өсөт.
10. Камсыздандыруу
Учурдагы кырдаал камсыздандыруу маанилүү экенин таасын көрсөттү. Жакынкы жылдары камсыздандаруу тармагында бир кыйла өзгөрүү болот. Эпидемия кишинин өмүрү канчалык кымбат экенин жана аны дарылоого канчалык көп каражат кете турганын айгинеледи. Коронавирус жуккандарды дарылоого кеткен чыгымдын көбүн мамлекет өзүнө алганы менен илдетке каршы тест тапшырууну каалагандар дагы көп. Болочокто ден соолукту камсыздандыруу, муктаждык жаралган учурда керектүү дарылоону алууга укук бере турчу камсыздандыруу кызматтары биринчи орунга чыгат.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-kijin-djnd-talap-kch-bolo-turgan-10-tarmak
Добавить комментарий ×