Коронавирустан каза тапкандар 5 миңге жетип калды

13 марта 2020 09:18 735 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус 4 948 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Ага ылайык, дарыгерлер дүйнө жүзү боюнча вирус 131 647 кишиге жукканын ырастады. Ошол эле маалда оорудан айыккандар 69 847 киши.

Баштагыдай эле вирустан каза болгондордун саны боюнча алдыда Кытай (3 176), андан кийин Италия (1 016), Иран (429) алдыда.

Андан сырткары башка мамлекеттерде дагы өлгөндөрдүн саны күн санап өсүүдө. Мисалы Түштүк Кореяда 67, Испанияда 84, Францияда 48, АКШда 36 кишиге жетти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайда башталган эпидемияны дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетинде катталганы үчүн пандемия деп атады.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагында оору катталбаганын билдирүүдө. Өкмөт болсо ири иш-чараларды өткөрбөй турууга элди чакырып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-kaza-tapkandar-5-mige-zhetip-kaldy



Добавить комментарий