Коронавирустан каза болгондордун саны 3 миңге чамалады
Кытайдын Ухань шаарында тараган коронавирустан каза болгондордун саны 2858 кишиге жетти. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттык сактоо департаменти билдирди.
Ага ылайык, учурда вирус жалпысынан 83 265 кишиг жукканы аныкталган. Ал ортодо оорудан сакайып ооруканадан чыккандардын саны 36 436 кишини түздү.
Аталган вирус Кытайдан башка чет мамлкекеттерде дагы катталууда. Учурда Ирандагы абал башка мамлекеттерге караганда бир кыйла оор. Себеби, бул мамлекетте оорудан каза болгондордун саны 26 кишиге жетти. Ал эми оору 245 кишиге жукканы расмий тастыкталган. Ошондой эле, Италияда дагы вирус 17 кишинин өмүрүн алды. Түштүк Кореяда болсо 13 киши өлүп, 2022 кишиге жукту.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайда чыккан вирус эпидемиядан ашып, пандемияга айланышы ыктымалдыгын айтып, кооптонуусун билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-kaza-bolgondordun-sany-3-mige-chamalady
Добавить комментарий ×