Коронавирус жер шарын капташы ыктымал деп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кооптонууда

25 февраля 2020 11:10 628 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы күндөрү Иранда, Италияда жана Түштүк Кореяда коронавирус жуккандардын санынын артып жатышына Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм тынчсызданып жатат. Бул тууралуу уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус билдирди.

Ал азырынча коронавирус дүйнө жүзүнө ылдамдык менен жайылып жаткан факты жок экенин айтты.

“Коронавирус чакырган оору пандемияга айлануу боюнча коркунуч бар, бирок оорунун жайылышы пандемия болууга жете элек”, — деди ал.

Гебрейесус эпидемияны пандемияга өткөрүүдө оорунун жайылышынын географиялык абалы эске алынарын белгиледи.

Эпидемия бул оорунун бир мамлекеттин ичинде жайылышы эсептелсе, пандемия бул оорунун башка мамлекеттерге жана континенттерге жайылуусу.

Былтыр декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында тараган коронавирус акыркы маалыматтар боюнча миңдеген кишинин өмүрүн алып, он миңдеген кишилерге жуккан.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-zher-sharyn-kaptashy-yktymal-dep-djnlk-salamattyk-saktoo-uyumu-kooptonuuda



Добавить комментарий