Коронавируска каршы күрөшүү боюнча эсепке 49,5 млн сом түштү

28 марта 2020 09:59 1232 1 Barometr
Поделиться в:
ok

2020-жылдын 27-мартына (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган административдик эсепке жалпысынан 49 млн 520 миң 447 сом акча каражаттар түштү. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Ачылган эсептер:

1) Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган № 4402011000101373 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги – коронавирус боюнча иш-чаралар», БИК 440001 администрацияланган эсеби;

2) «РСК Банк» ААК

№ 1299004130020044 «COVID-19 менен күрөшүүнү колдоого акча каражаттарын чогултуу үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгынын эсеби (сом менен)» эсептешүү эсеби, БИК 129001;

3) «Айыл Банк» ААК

№ 1352119927702865 «Ыктыярдуу төлөмдөр үчүн бирдиктүү эсеп (COVID) (сом менен)» эсептешүү эсеби, БИК 135001.

Акча каражаттарын чегерүү үчүн «14 511 100 – Мамлекеттин пайдасына алынган кирешелер» элементинин кодун пайдалануу зарыл.

Ссылка: https://barometr.kg/koronaviruska-karshy-krsh-boyuncha-esepke-495-mln-som-tsht



Добавить комментарий

  • Эркинбек 5 лет назад
    Деньги поступили, а почему тогда не даёте медикам средства дезинфекции?